Нарында бийик тоолуу аймактарды жана медицина илимин өнүктүрүүнүн алдыңкы технологияларын жайылтуу боюнча беш жылдык жол картаны ишке ашыруунун алкагында 3-эл аралык симпозиум жана “Миррахимов окуулары” деп аталган көчмө конференция өтүүдө.
24-сентябрга чейин созулчу төрт күндүк симпозиумда бийик тоолуу шартта жашаган калктын ден соолугуна, айрыкча жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жана алдын алууга басым жасалып, жаңы ыкмалар талкууланууда.
Анын жүрүшүндө Франциядан, Даниядан, Түркиядан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Испаниядан, Германиядан жана Австриядан келген адистер заманбап технологиялар менен дары-дармектер боюнча презентацияларды жасап, практикалык сабактарды өткөрүп жатышат. Мындан тышкары жергиликтүү медицина кызматкерлери менен өз ара кеп-кеңеш алуу уюштурулуп, бейтаптардын дарылануу жолдорун жакшыртуу максатында дүйнөлүк тажрыйба менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Симпозиумда Нарын сыяктуу бийик тоолуу аймактарда жүрөк-кан тамыр оорулары жана өпкө оорулары өтө көйгөйлүү экени айтылып, кардиологдор жана пульмонологдор дал ушул дартка көбүрөөк токтолушту. Алар белгилегендей, бийик тоолордо кычкылтектин жетишсиздиги кан басымдын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшүнө алып келет. Ошондой эле өпкө оорулары, анын ичинде өнөкөт бронхит жана өпкөнүн иштөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы бийиктиктеги кычкылтектин аздыгы менен байланыштуу. Чет элдик дарыгерлер бул ооруларды дарылоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөтүп, бейтаптарга жардам көрсөтүү, кычкылтек терапиясын колдонуу жана бул оорулардын күчөшүн алдын алуу үчүн медициналык технологиялар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Симпозиум медициналык жаңы көндүмдөргө ээ болуу менен жергиликтүү дарыгерлердин билимин өркүндөтүүгө, ошондой эле алдыңкы клиникалардан келген эксперттер менен алдыңкы тажырыйбаларды алмашууга чоң салым кошмокчу.