Жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар УКМК төрагасынын атын жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ош облсунун эки тургуну кармалды. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
УКМК ушул сыяктуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, ошондой эле жогоруда кармалган адамдардын аракеттеринен жапа чеккен жарандарды Мамкомитетке кайрылууга чакырат.