Жаңылыктар
Жаңы учак Таласта техникалык кароодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы учак Таласта техникалык кароодон өттү

Бүгүн, 24- сентябрда Талас аэропортуна алгачкы учак келип конду. 80 жүргүнчүгө ылайыкталган учакты техникалык кароодон өткөрүү иштери жүрдү.

Белгилей кетсек, учактын алгачкысы 6-сентябрда “Манас” эл аралык аэропортуна конгон. Учак өлкөдөгү ички каттамдарды аткарат. Билет баасы 2100 сомдон башталат.

 Талас аэропорту Президент Садыр Жапаровдун аймактардагы аэропорттордун ишин жандандыруу тапшырмасына ылайык толук реконструкциядан өтүп, май айында салтанаттуу ачылган. Аэропорттун жалпы аянты 76 гектарды түзөт. Учактардын учуп-конуу тилкесинин узундугу 1 миң 760 метрди түзөт. Алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Талас-Ош каттамдары октябрь айында жүргүзүлүп баштайт.

Билет баалары:
Бишкек — Жалал-Абад – 3100

Бишкек — Талас – 2100

Бишкек— Баткен – 3300

Бишкек — Раззаков – 3300

Бишкек — Казарман – 3100