Жаңылыктар
Аламүдүндөгү “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекет менчигине кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүндөгү “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекет менчигине кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылганын бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылганы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 млн.сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

 Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.