Бишкекте баасы 317 млн. 106 миң сомду чапчыган “Тунгуч” жаштар театрынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган театр Советтер Союзу кулагандан кийин мыйзам талаптарын бузуу менен "Т.П.Ц.Т." ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында УКМК тарабынан 2024-жылдын 23-сентябрында уюштуруучу жана ээси «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.
Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.
Учурда УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү кайтарууга багытталган тиешелүү иштер уланууда.