Жаңылыктар
Нарында салыкчылар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында салыкчылар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Нарын шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майларды сатууда салык төлөөдөн качкан жеке ишкерлерге жеңилдиктерди беришкен, натыйжада мамлекетке 9 млн 134 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 24-сентябрында Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын салык көзөмөлү жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы М.М.Э. жана ошол эле бөлүмдүн инспектору М.Ж.М. кармалды.

Учурда ушул сыяктуу жана башка кылмыштарга тиешеси бар башка салык кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.