Жаңылыктар
Кызыл-Омполдогу титаномагнетит кени өздөштүрүлө баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Омполдогу титаномагнетит кени өздөштүрүлө баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында маанилүү иш-чарага – Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун орнотууга катышканын бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Минкаб башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи: «Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан - медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет».

Акылбек Жапаров ошондой эле кенди иштетүүдө экологиялык таза мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын, бул элементтер эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу сактап ташыларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын билдирген. Буга чейин Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд. долларга чейин жеткен кен байлык бар экени айтылган.

Андан соң өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып, Жогорку Кеңеш аны 13-июнда кабыл алган жана 27-июнда ага президент кол койгон.

Расмий маалыматтарга караганда, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.