Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.
Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.