Жаңылыктар
Нарында айыл чарба азыктарын өндүрүү багытында 7 кластер түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында  айыл чарба азыктарын өндүрүү багытында 7 кластер түзүлөт

Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык Нарын облусунда сүт, эт жана мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча жети кластерди түзүү багытында аракеттер жүрүүдө.

Буга чейин  "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу" долбоору менен сүт кластерин өнүктүрүү максатында 2800 баш уй жасалма уруктандырылып, 1500 асыл тукум музоо алынган. Аз камсыз болгон 3 миң үй-бүлөгө сүт кластери менен киреше табуунун, сүт багытындагы уйларды кармоонун сырлары үйрөтүлүп, аларга асыл тукум сүт багытындагы уйлар алынып берилген. Ошондой эле 5 район 11 сүт топтоочу танкер цистерналары менен камсыздалган. Долбоордун арты менен  облуста сүттү кайра иштетүү 2 пайыздан 12 пайызга чейин жогорулаган.

Нарын аймактык ветеринардык лабораторияга 3 миллион 400 миң сомго айыл чарба азыктарынын сапатын текшерген жабдуулар алынган. Мындай колдоо менен лаборатория сертификат алып, азыктарды ЕврАзЭШтин алкагындагы өлкөлөргө экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Долбоор Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Агробизнестин атаандаштыкка туруктуулугу” борбору тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашууда. Борбордун директору Төрөкул Бековдун айтуусунда, жакында “Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү” долбоору ишке кирет.

Долбоордун алкагында облустун  5 районунда  экиден топ окутулуп, 10 мөмө-жемиш питомниги түзүлөт. Ар бир питомникке көчөттөр жана тамчылатып сугаруу үчүн 5 миң доллар өлчөмүндөгү каражат берилет. Мындан сырткары Нарын мамлекеттик университетине жасалма уруктандыруучу борбор, күнөскана, мөмө-жемиш питомнигин уюштуруу үчүн 50 миң доллар каражат каралат.