Жаңылыктар
Сооронбай Жусуев узакка созулган оорудан каза болду
Маданият
Сооронбай Жусуев узакка созулган оорудан  каза болду

Кыргыз  маданияты орду толгус жоготууга учурады. Адабиятыбыздын  Ала-Тоодой аскасы,  калкынын кадырлуу, залкар уулу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуев 2016-жылдын 4-февраль күнү 90 жаш курагында, узакка созулган оорудан  каза болду.  Акын, котормочу Ата-Мекендик Согуштун ардагери Сооронбай Жусуев   кыргыз адабият айдыңында акындардын зор мектебин түзгөн залкар.  Ал чыгармачылык чыйырдагы ар бир инсанга чын пейилден ак батасын берген айкөл эле дешет замандаштары, калемдештери.