Жалал-Абадда кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу жана ага мастери студенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришкенге караганда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу мамлекеттик экзаменге киргизүү менен диплом жана аттестат берүү максатында студенттерден 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.