Жаңылыктар
Нарында азиздер үчүн "Чексиз кино" фестивалы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында азиздер үчүн "Чексиз кино" фестивалы башталды

26-сентябрда Нарын шаарында башталган эки күндүк кинофестиваль алкагында азиздер үчүн тифлокомментарий менен коштолгон “Бейиш эненин таманында”, “Курманжан датка”, “Салам, Нью-Йорк” тасмалары  жана “Мега той”  комедиясы көрсөтүлмөкчү.

“Тянь-Шань” кинотеатрында өтүп жаткан кинофестивалга Нарын районунда жана шаарында жашаган көрүүсү начар жана көрбөгөн жарандар чакырылган. Аларга “Бейиш эненин таманында” киносу көрсөтүлүп, алардын коомго аралашуусуна түрткү болуу менен кинону элестөө аркылуу толук түшүнүүсү үчүн шарттар түзүлүп жатканы айтылды.

Нарын районунун 8-Март айылынан атайын кино көрүү үчүн келген Тилек Орозобек уулу тифлокомментарийдин коштоосундагы кинону толук түшүнгөнүн, көрүнүштөрдү толук элестете алганын, мындайды күтпөгөндүктөн көзүнө жаш алганын, аягында баланын жалгыз калганы өкүнүчтүү болгонун айтып, мындан ары дагы кинолор көрсөтүлүп турса деген оюн билдирди.

Көрүүсү боюнча майыптыгы барлар үчүн тифлокомментарийдин коштоосунда кино көргөзүү долбоору өлкөдө биринчи жолу ишке ашууда. Долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каржылык колдоосунда жүрүп, кинолорду “Феномен” коомдук бирикмеси которуп чыккан. Буга чейин мындай кинофестиваль Бишкек жана Ош шаарларында өткөн.

Тифлокомментарий - көрүүсү начар адам кабыл алууга мүмкүн болбогон маалыматты алмаштыруу, же толуктоо үчүн атайын даярдалган үн коштоо.