Жаңылыктар
Баткен шаарына 12 кабаттуу 37 үй курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарына 12 кабаттуу 37 үй курулат

Баткен облусунун борборунда учурунда ар кандай себептер менен жеке менчикке өтүп кетип, жакында кайра мамлекет эсебине кайтарылган жерлерге көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды.

Азыр шаардын Чет-Булак конушунда курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпысынан бул жерге 12 кабаттуу 37 үй курулуп, аларда 2424 батир болот. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салына баштаган бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.

Курулуш бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга 4 жана 8 пайыздык чен менен 15,20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Бул үйлөр курулуп бүтсө Баткен шаарындагы эң бийик имараттар болуп калмакчы. Азыр шаардагы эң бийик имарат беш кабаттан аша элек.