Жакында "Нарын" аэропортунун ачылышы күтүлүүдө. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды. Иш сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Анда Нарын аэропорту алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон советтик мезгилден бери узак тарыхка ээ экени, СССР тарагандан кийин анын активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калганы белгиленди.
"Нарын" аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө.