2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы бүгүн Түркмөнстандын жаш футболчулары менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген. Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама топ жолдомо алат.
Бишкектеги бүгүнкү беттеш алдында футбол күйөрмандары үчүн ырчылардын катышуусунда шоу-программа тартууланат.