Жаңылыктар
Долон менен Өтмөк ашуусуна кар жаады
Кыргызстан жаңылыктары
Долон менен Өтмөк ашуусуна кар жаады

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда 2-3 см калыңдыкта кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жеринде жолчулар тарабынан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрдү.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.

Учурда өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.