Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, 10 миң 174 добуш менен алдыга чыккан Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү деп табылганын билдирди.
Өткөн жекшембиде Сузак округундагы шайлоого катышуу үчүн 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүүгө алардын 16, 92 пайызы же 21 миң 57си катышкан. Шайлоодо 7 талапкер ат салышты.
Жеңишке жеткен 47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев ушул убакытка чейин “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары болуп иштеп келген. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.
Бул кайра шайлоо Жогорку Кеңешке Сузак округунан шайланып келген Тазабек Икрамовдун бошогон орду үчүн өттү. Ал быйыл 19-июлда мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу тууралуу арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү арызын карап, депутаттык мандаттан ажыраткан.