Жаңылыктар
Пенсияга чыккандардын саны бир жылда 16 миң кишиге көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсияга чыккандардын саны бир жылда 16 миң кишиге көбөйдү

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% көбөйүп, ар бир пенисонерге миң сомдон кем эмес кошулат. Бул тууралуу Социалдык фондунун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымына караганда, пенсия өлчөмүнө жараша көбөйөт. Маселен, 15-20 миң сом пенсия алгандарга 18% менен эсептегенде эки-үч миң сомго чейин кошулат.  Ошентип 1-октябрдан тартып өлкөдө пенсия жашоо минимумуна теңелип, 6 900 сомдон кем болбойт. 

Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелгенин билдирген.
2021-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо киргизилген.

Соцфонддун эсеби боюнча, былтыр Кыргызстанда жалпы пенсионерлердин саны 769 миң болсо, быйылкы жылдын ушул аралыгына чейин 16 миңге көбөйүп, 785 миңге жетти. Январь айынан август айына чейин 30 миңден ашык пенсия чегерилди.