Жаңылыктар
Тоок багып айына жүз миң сом тапкан ишкер
Кыргызстан жаңылыктары
Тоок багып айына жүз миң сом тапкан ишкер

Тоок багып ишкерлик кылган чаткалдык Мырзабек Турсуналиевдин чарбасында учурда миңден ашык тоок бар. Ал келерки жылы тоокторун беш миңге чейин жеткирүүнү көздөөдө. Ишкер менен УТРКнын кабарчысы Гүлжамал Көкүмбай кызы жеринен маектешип келди.

Каарманыбыз алгачкы ишкерлигин 500 тоок менен баштаган. Учурда айына жүз миң сомдон ашык киреше табууда.

– Орусияда 7 жылдай ар кандай кара жумуштарда эмгектенип келдик. Эң көп тапкан кирешем ал жерде айына 70-80 миң сомго чыкчу. Кыргызстанга келип кандай жол менен акча табууну изилдеп жүрүп, интернеттен тоок баккандарды байкап калдым. Алардан кирешелерин, жолдорун сураштырып баштадым. Анан түшүндүм, Кыргызстандан деле жакшы акча тапса болорун. Алгачкы ишкерликти беш жүз тоок менен баштадым. Учурда миңден ашык тоок багып жатам. Алар күнүнө кеминде 900дөй жумуртка берет. Жумурткаларды Чаткалдагы магазиндерге жеткирип беребиз. Муну менен мен айына жүз миңден ашык кирешеге чыгам. 5 айда толук чыгашаны жаап, андан кийин бир жыл бою пайдага иштемей.

Ишкер кийинки жылы тооктордун санын беш миңге жеткирүүнү көздөөдө.

– Быйыл чарбада 1000 тоок болсо, кийинки жылы кудайым буйруса беш миңге жеткирүүнү пландап жатам. Тоокторду Бишкектен алып келебиз. Аларга витамин кошулуп даярдалган жемдерди атайын фирмадан алабыз. Ал эми суусуна 15 күндө эки түрдүү витамин кошулуп турат. Эң негизгиси кышы-жайы тоокторду бирдей температурада кармоо керек. Ошондо гана күнүнө жумуртка тууйт. Ошол үчүн чилдеде короого от жагылат.

Тооктор бир жарым жыл гана багылат. Андан кийин атайын колбаса чыгарган цехтерге өткөрүлөт дейт каарманыбыз.

– Албетте ар бир иштин түйшүгү болот эмеспи. Жаңыдан тоок багып баштаганыбызда витамин, суулары убагында бербей калып, тоокторубуз бири-бири менен чокушуп стресс болуп, жүзгө жакыны кырылып калган. Эң кызыгы чарбага киргенде күндө бир өңдөгү кийим кийип кириш керек. Антпесе тооктор чочулайт. Тооктор болгону бир жарым жыл гана багылат, андан кийин атайын колбаса чыгарган цехтерге тапшырабыз дагы, башка тоокторду алып келебиз.