“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учуп кетти. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт.
Ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: Супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана Флекс эконом — 5000 сом.
Каттамдар:
• Ош шаарына – 27-сентябрдан баштап
• Жалал-Абад шаарына – 28-сентябрдан баштап
• Баткенге – 3-октябрдан баштап
Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду.