Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычында суу көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычында суу көбөйүүдө

30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд. 26 млн. метр кубка жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 205 куб метрди түзүүдө.

Былтыр ушул учурда суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрди түзгөн. Токтогул суу сактагычына 19 млрд. метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы топтолгон.

Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкө-Мерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.