Жаңылыктар
Ноокатта 1 млрд. сомдук жер мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокатта 1 млрд. сомдук жер мамлекетке өттү

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан 381,74 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Ноокат районунун Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан “Улуу-Тоо” кенине караштуу жерин пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге, менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен “Р.У.Т.” ЖАКтын менчигине өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде пайдалуу кен-байлыктарды камтыган 381,74 га жер тилкеси 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына алынды.