Жаңылыктар
Тоң райондук сотунун төрайымы пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Тоң райондук сотунун төрайымы пара менен кармалды

УКМК Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы А.Г.Н. кармалганын бүгүн кабарлады. Ал 27-сентябрда 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалган. Жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

2024-жылдын 28-сентябрында Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.