Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштерин ушул жылдын 1-декабрында аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бирдирди.
Маалыматка караганда, деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери аяктоодо. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрдө жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда.
“Тоннелге кире берген жерде асфальт төшөө иштери дээрлик бүттү. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5 участок убактылуу жолдогу 5 сел өтүүчү өтмөктүн төртөөсүн бетондоо аяктады.Конструкциялардын четтерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Тоннелге жакындаган жерлерге парапет орнотуу иштери башталды. Курулуш иштеринин жана материалдардын сапаты техникалык шарттарга ылайык “Кыргызжолтрансдолбоор” тарабынан көзөмөлдөнөт”,-деп берилет маалыматта
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун жалпы узундугу 433 чакырым, эки эстакадалык көпүрө, бир тоннель каралган.