Автобустарды тапшыруу иш-чарасына аталган бейөкмөт уюмунун төрайымы Алина Аршинова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
11-сентябрда дагы аталган уюм тарабынан алгачкы 50 автобус берилген. Бүгүнкү 50 автобус менен жалпы 100 автобус Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн тапшырылды.