Жаңылыктар
"Асман аба жолдору" Бишкек-Талас каттамын жасады
Кыргызстан жаңылыктары
"Асман аба жолдору" Бишкек-Талас каттамын жасады

Бүгүн, 30-сентябрда “Асман Эйрлайнс” компаниясынын учагы 50 чакты жүргүнчү менен Бишкек шаарынан Таласка келип конду. Бул Таласка болгон алгачкы каттам.

Бишкек шаарына аймактардан жумасына 2 жолу, тактап айтканда дүйшөмбү жана жума күндөрү аба каттамдары жүргүзүлөт

Билеттер Asman Airlines компаниясы тарабынан электрондук түрдө сатылууда.

"Манас" эл аралык аэропорту” ишканасынын “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак 6-сентябрда Кыргызстанга келген. Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батырып, 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учуп бара алат.

 27-сентябрда бул учак алгачкы каттамын Ошко жасаган.