Баасы 76 млн.сомдон ашык суммадагы Раззаков шаардык автобекети ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылганын УКМК бүгүн, 30-сентябрда маалымдады.
Маалыматка караганда, "Лейлек-Автобекет" ЖЧКсынын акционерлери 2024-жылдын 17-сентябрында Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына базар баасы 76 млн 500 миң сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси менен шаардык автобекетти ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.
Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу иштери улантылууда.