Нарын облусу боюнча 27 миң 171 гектарга эгилген дан эгиндеринин 96 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн айыл чарба тармагы боюнча башкы адиси Уланбек Алсейитов билдирди.
Анын айтымында, Нарында 25 миң 746 гектар дан эгиндери орулуп алынды. Жалпы түшүмдүүлүк 22,4 центнерден айланып, кампаларга 165 миң 653 тонна түшүм төгүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштыралуу 2,1 центнерге жогору. Оруп-жыйноодо 189 комбайн иштөөдө. Ошондой эле, дагы Чүй жана Ысык- Көл облустарынан 32 кошумча комбайн тартылган.
Ал эми облус боюнча 433 миң 500 тонна тоют топтолуп, өткөн жылга караганда 10 центнерге жогору. Учурда Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондору жүгөрүдөн, Ат-Башы району сулу, бурчак жана арпадан чыктуу тоют камдашууда.