Жаңылыктар
УКМКнын 7 кызматкери Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөнү үчүн жазаланды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын 7 кызматкери Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөнү үчүн жазаланды

Министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды.

 Аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш - 2, катуу сөгүш – 3, кызматына толук туура келбегендигин эскертүү  – 2) жазаланды.

Тактап айтканда, бул чаралар УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды, ал жакында эл алдында сүйлөгөн сөзүндө укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырган.

 Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.