Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Италия менен Ватиканга расмий сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Италия менен Ватиканга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка караганда, 3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Италиянын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары 4-октябрда президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу белгиленген.