Жаңылыктар
Италиялык адистер кыргыз текстиль ишканаларына жогору баа беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Италиялык адистер кыргыз текстиль ишканаларына жогору баа беришти

Италиялык SMI (Sistema Moda Italia) жана ACIMIT ассоциацияларынын делегациясы үч күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандагы бир катар негизги жеңил өнөр жай ишканаларын кыдырышты. Алар барган ишканалардын катарына төмөнкүлөр кирет: «Бир Завод», «Наристе-А», «Караван Логистик», «Кыргыз Кашемир», «Тумар Арт-групп», «Соллиса», «Вива Текс», «Текстиль Транс».


Италиялык делегация таанышкан кыргыз тигүү ишканалары орто сегменттеги Европа рыногуна чыгууга даярдыгын белгилешти.

Жолугушууларда негизинен текстиль тармагын өнүктүрүү, жүндү иштетүү маселелери талкууланды. Кыргызстан жылына миң тоннага жакын сапаттуу меринос жүнүн өндүрүп, анын өндүрүшүн көбөйтүү тажрыйбасына жана потенциалга ээ. Кыргыз жүнүнүн сапаты Европанын жана Япониянын лабораториялары тарабынан тастыкталган. Италиялык делегация бул багытта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылышты.

Жолугушуулардын соңунда Кыргызстан менен Италиянын ортосунда текстиль тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.


Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Кыргыз Экспорт» борборунун, Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин, «Тулай» ЖЧКсынын өкүлдөрү Сауле Бейшенова жана Асел Б, ошондой эле кыргыз ишкерлеринин, ассоциацияларынын жана «Намба Медиа» жарнама агенттигинин колдоосу менен уюштурулду.