Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев кызматтан алынып, анын ордуна Улан Карыпбеков дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн Президенттин администрациясынан кабарлады.
Улан Карыпбеков 44 жашта, 2023-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. Ага дейре Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде эмгектенген.
“Унаанын” кызматтан бошогон директору Руслан Жокоев менен бир нече кызматкерин УКМК 26-сентябрда камакка алып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган. Андан соң Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 27-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Руслан Жокоевдин кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров да 30-сентябрда комментарий берип, аны бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, ал таза иштөөгө сөз бергенин, бирок система түзүп алышып, айдоочулук күбөлүктү сата башташканы аныкталып калганын, мындай учурда эч кимге аёо жоктугун айткан.