Жаңылыктар
Нарында жүз жаштан ашкан 18 карыя бар
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жүз жаштан ашкан 18 карыя бар

1-октябрь-Эл аралык карылар күнүн жыл сайын өткөрүү жана ар тараптан колдоо көрсөтүү максатындагы өкмөттүн токтомуна ылайык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга камкордук жана көңүл буруу” деп аталган ураан алдында бир айлык жарыяланган. Учурда жер-жерлерде бир айлык алкагында материалдык, моралдык, медициналык жардам көрсөтүү багытында бир катар иш-чаралар өтүүдө.  Бүгүн, 1-октябрь –Карылар күнүнүн урматына Нарын облусу  боюнча 100 жаштан ашкан 18 карыга өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 5 миң сомдон каражат которулуп берилди.

“Нарын облусу боюнча 65 жаштан жогору курактагы 18 миң 894 адам бар. Мунун ичинен 100 жаштан өткөн 18, 90-100 жашка чейин 386, 80 жаштан өйдө 3 миң 110 улгайган адамдарыбыз бар.

Өкмөттүн дагы бир токтомуна ылайык, улгайган адамдарга кайрымсыз мамилени, басмырлоону жана зордук-зомбулукту алдын алуу, улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо багытында иштер жүрүп турат. Облуста жалгыз бой, аз камсыз, жардамга муктаж 650 кары болсо, аларга социалдык кызматкерлер үйүнө барып керектүү жумуштарын жасап, дары-дармектерин алып келип берип турушат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөр тарабынан көмүр отунунан жардамдар көрсөтүлүп, карыларга камкордук жыл бою улана берет”,-деди өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Төрөбек Аруунов.