Жаңылыктар
Таласта ишкер айымдар 200 миң сомдон гранттык колдоо алды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта ишкер айымдар 200 миң сомдон гранттык колдоо алды

Таласта 14 ишкер айым өз бизнестерин өнүктүрүү үчүн 200 миң сомдон гранттык колдоо алышты. Колдоо “Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору аркылуу ишке ашырылып, ишкер айымдарга сертификаттар тапшырылды.

Гранттык программа Европадагы коопсуздук кеңеши уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан каржыланып, “Чакан жана орто беизнести колдоо аркылуу, бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында ЖИА жана Ишкердикти колдоо борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.

 “Айымдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” долбоору буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында уюштурулган.