Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмүнүн улук офицери, капитан Адылбек Муратбек уулу 6 жылдан бери ушул министрликте куткаруучу кызматын өтөп келет. Алгачкы эмгек жолун Панфилов районунан баштаган. Каарманыбыз куткаруучулук ишиндеги кызыктуу жана кыйын учурлары менен УТРКнын сайтынын кабарчысы Бурулсун Айдарбекова менен бөлүштү.
“Аскер кызматын өтөп жүргөн кездери далай нерсе баштан өттү. Көп нерсени көрүп, билип “адам өмүрүн сактоо, аларды коргоо жардам көрсөтүү” жана башка пайдалуу сапаттарды үйрөндүк”, - дейт каарманыбыз.
Балалык кыял
Бала кезимден эле аскер кызматкери болууну кыялданып чоңойдум. Ошол себептен жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Мекенге кызмат кылып, андан кийин аскердик карьераны баштоону максат кылдым. Ошентип, 2016-2017-жылдары ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда (аскер бөлүгүндө) кызмат өтөдүм. 2018-жылы май айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жумушка кирип, эмгек жолумду Панфилов районунан баштадым.
Дайыма даяр туруу
Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыктар болот эмеспи. Биз куткаруучу болгондон кийин эмнелер гана баштан өтпөйт. Кандай оор мезгил болбосун, өрт кырсыгынабы, же авариялык куткаруудагы ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Айрым учурда өмүрүбүздү тобокелге салган учурлар да болот. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарга да көп туш болдук. Каза болгондордун арасында наристелер, жаш балдар, же бир үй-бүлөдөн 2 адам же андан көп адам каза болушу мүмкүн. Аларды көрүп жаның кейип, бооруң ооруйт. Ошондой учурларда биз үчүн абдан оор болот.
Тоодогу өрт – татаал жана катаал күрөш
Мен үчүн тоодогу өрт кырсыктар менен күрөшүү дагы кыйын. Эгерде айыл же шаар жергесинде өрт кырсыгы катталса аны өрт өчүрүүчү техниканын жардамы менен өчүрүүгө болот. Ал эми тоодогу өрт кырсыктарын өчүрүү бул – тилсиз жоо менен жекеме жеке чыгуу. Анткени, ал жерде техникалар менен иштөө мүмкүн эмес, ошол себептен кол шаймандары менен өрттү өчүрөбүз. Кудай буюрса келечекте биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, тоодогу же татаал шарттардагы өрт кырсыктарын заманбап техникалар, тик учактар менен өчүрүп калабыз деген үмүттөмүн.Дача СУга кулаган учак, жалп өчкөн өмүрлөр
2017-жылы кышында Дача СУ айылында самолет кулаган. Ал жердеги куткаруу иштерине катышып, ошол учурда мен өзүмдү чыныгы куткаруучу сездим. Чыныгы куткаруучу болууга ушундай оор учурлар себеп болот экен.
Самолёт кулаган учурда ушундай чоң масштабда экенин эч кимибиз ойлогон эмеспиз. 30дан ашык үйлөр жана башка курулуштар жабыркап, көптөгөн адамдар урандылардын астында калыптыр. Биз урандылардын алдында калгандарды издөө ишин жүргүзүп жаттык. Окуя таңга маал болгон үчүн көп адамдар үйлөрүнөн чыга элек болчу экен. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деп жөн жерден айтылып калбаса керек. Ошол кезде кээ бирлери таттуу уйкуда жатып, ошол бойдон таңды көрбөй калышты, кээ бирлери жумушка же окууга даярданып жаткан кези эле. Алар да биздей болуп эртеңки күнүн, келечегин ойлонуп, көптөгөн максаттары бар адамдар эле. Арасында жаш балдар да бар. Анын баарын ойлонуп жаның кейип, ичиң ачышат.Мындай кырсыктардан кыргыз элимди “Кудай сактасын”. Ушундай кыйын учурларда өзүбүздү аябай, болгон күчүбүздү жумшап эл үчүн кызмат кылып келебиз. Куткаруучу болуунун биринчи себеби ушул окуялар болду.
Экинчи себеби болсо куткаруучу жардам сураган адам кедей болобу же бай болобу, Кыргызстандын же башка мамлекеттин жараны болобу калктын бардык катмарына жардам берүүгө даяр. Ошол себептен куткаруучу бул гумандуу кесип болсо керек.Өрт көп чыккан учурлар
Өрт өчүрүүчүлөр үчүн эң кооптуу мезгилдер – кыш жана жай мезгилдери. Анткени, ушул учурларда өрт кырсыгы абдан көп катталат. Менин оюмча, кыш мезгили жай мезгилинен кооптуурак. Себеби жай мезгилинде көбүнчө куураган чөптөр, талаалар, тоолор күйөт. Ал эми кышында өрт көбүнчө турак-жайларда чыгат. Турак-жайлардагы өрт кырсыктанынын кээ бирлери адам өлүмү менен коштолот.
Бардык эле өрт кырсыктар адамдын шалаакылыгынан, же кайдыгерлигиненен келип чыгат. Көпчүлүгү өтө жөнөкөй эле өрт коопсуздугунун эрежелерин билишпейт. Өрт чыккан объекттерге барган учурда ээлери “мындай болуп кетээрин билген эмесмин” деп жооп беришет. Бизде жарандардын көбү “кудай сактасын” деп эле күнүн сүрүп келишет. Бирок биз “кудай сактансаң, сактайт” экенин да ойлонуп жашашыбыз абзел. Биз ар бирибиз жеке өзүбүз үчүн гана эмес, айланабыздагы башка адамдар үчүн да жооптуу экенибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек.Суу коркунучу
Дагы бир адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын бири – сууга чөгүү. Жай мезгилинде Чүй облусунун аймагында көлмөлөр же каналдар көп болгондуктан, сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерде чөгүп каза болгондор көп. Мисалы, быйыл 8 айда эле 30 адам сууга чөгүп каза болду. Жыл сайын 15тен көп адам сууга чөгүп каза болот. Алардын көбү жашы жете элек балдар болгону аябай өкүндүрөт. Бул дагы көйгөйлүү маселелердин бири.
Биздин кызматкерлер бардык күч аракетин жумшап, тынымсыз түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келишет. Менин оюмча, ар бир ата-эне өз баласын көзөмөлдөп, түшүүгө мүмкүн болбогон жерге түшүп жаткан балдарга кайдыгер карабай ар бирибиз тыюу салып турсак кырсыктар азаят эле. Кырсык ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн, ошол себептен болуп жаткан окуяга кайдыгер карабай, колдон келген күчүбүздү жумшап, бири-бирибизге кол сунуп, жардам көрсөтүшүбүз керек. Ошондо гана биз кырсыктардан алыстайбыз.Санаа коштогон колдоо
Бир баланын атасымын. Азыркы тапта экинчи балабызды күтүп жаткан чагыбыз. Албетте биздин кесип өмүргө тобокел, кооптуу болгондуктан үй-бүлөм мен үчүн көп сарсанаа болушат. Апам ар дайым дуба кылып, батасын берип турат. Үй-бүлөм, бир туугандарым ар дайым мени колдоп, керектүү жардамын берип келишет. Үй-бүлөмө чекчиз ыраазымын.