Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мекеме жетекчилеринин туугандарынын өтүнүчүн канааттандыруу максатында атайын кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салган буйрукка кол койду. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык-адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатканы, анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлгөнү айтылат.
Маалыматка караганда, мыйзамдуулукту сактоо максатында Мамкомитеттин төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берди. Ошону менен бирге Мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.
30-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга көмөктөшкөн атайын кызматтын жети кызматкерине кызматтык чара көрүлгөнү маалымдалган.