УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды.
УКМКнын бүгүн, 2-октябрда берген маалыматына караганда, ал мурун Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп турган кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган айылдын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.
Мындан улам ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.