Жаңылыктар
Нарында малдын башы бир жарым миллионго чамалады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында малдын башы бир жарым миллионго чамалады

Нарын облусунун негизги киреше булагын мал чарбасы түзөт. Статистикалык маалыматка таянсак, ушул жылдын 1-январына карата облус боюнча жалпы малдын саны бир жарым миллионго чамалайт. Алсак, 210  миң  674 ири мүйүздүү мал, 1 миллион 127 миң 940 кой-эчки, 144 миң 597 жылкы, мындан тышкары 213 миң 395 үй канаттуулары бар.

Негизинен малдын асылдуулугуна жеткиликтүү көңүл бурулганда гана  ал натыйжасын берерин түшүнгөн теңиртоолук фермерлер сүт, эт багытындагы малды кармоо натыйжалуу экендигин түшүнүп, сапатка өтө баштады. Бул багытта мамлекет дагы бир катар долбоорлорду ишке ашырып, дыйкан фермерлерге колдоо көрсөтүп келет.  Мындай колдоолордун арты менен облуста асыл тукум чарбалардын саны 30га жетти.

Алардын карамагында 8 миң 431 баш  кой, 513 баш  жылкы, 975 баш уй, 400 баш топоз багылууда.

Мындан тышкары 29 жеке фермердик чарбалар тарабынан асыл тукум малдын башын көбөйтүү максатында “Ала-Тоо”, “Абердин ангус”, “Герофорд”,  “Симментал”, “Ала баш”, “Голштейн” жана “Черный пестрый” пародасындагы эт жана сүт багытындагы  948 баш уй, 250 баш топоз, “Жайдары”, “Эдилбай”, “Гиссар” жана “Тянь-Шань” жарым уяң жүндүү тукумундагы 3 миң 955 баш кой, Жаңы кыргыз пародасындагы 82 баш жылкы  багылып, башын көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.

Быйыл облуста мал чарбачылыгына “Айылбанк” аркылуу  379  дыйкан фермер  154 миллион 276 миң, ал эми “Элдикбанк” аркылуу  688 дыйкан фермер  271 миллион 830 миң сом насыя алган.