Жаңылыктар
Кыргыз-Италия кызматташтыгындагы жаңы барак
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-Италия кызматташтыгындагы жаңы барак

Президент Садыр Жапаров баштаган топ 2-октябрдын кечинде расмий сапар менен Италиянын Рим шаарына барды. Италия менен Ватикандагы 2 күндүк расмий сапардын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар: Италия президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенат төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган. Мындан сырткары Италиянын бизнес өкүлдөрү менен да жолугушуу болот. Ватиканда болсо Рим папасы Франциск менен жолугушуу каралган.

Талдоочулар Кыргызстан менен Италиянын ортосунда бир катар багыттар боюнча тыгыз кызматташууга боло турганын белгилешүүдө. Булар алдыңкы технологиялар, гидроэнергетика, туризм жана башка тармактар. Ошол эле убакта эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар бекемделүүдө.

Италия экономикасынын күчтүүлүгү жагынан Европадагы үчүнчү өлкө. Мындай мамлекет менен соода-экономикалык алака акыркы 3 жылда өнүгүү жолуна түштү. Маселен Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылганга чейин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 20 миллион долларды түзсө, бул көрсөткүч учурда 5 эсе өскөн.

Ошондой эле Италия текстиль өндүрүшү боюнча дүйнөдө экинин бири десек да болот. Өлкө ири бренд болгон кийим-кеченин дүйнөдөгү алдыңкы экспортеру жана дизайн тармагында флагман экени белгилүү. Кыргызстан да өз кезегинде бул багытта жаңы технологияларды, заманбап маркетингди киргизүүдө алдыңкы тажрыйбаны алууга жана кызматташтыкты жандантууга кызыкдар.

Талдоочулар бул визит эки тараптуу алакаларга жаңы импульс берип, кызматташуунун жаңы барагын ачарын белгилешүүдө.