Ош облусунда селден жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6 млн 600 миң сом Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы 41, Ош шаарындагы эки үй ээсине берилди. Жакынкы күндөрү дагы 6 жаранга кенемте чегерилет. Табигый кырсыкта 9 үй толугу менен жараксыз калган. Алардын ар бири 500 миң сомдон алышты
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму акыркы 9 айдын ичинде Ош облусундагы 90 жаранга кенемте төлөп берген. Сел, өрт жана башка табигый кырсыктардан жабыркагандарга төлөнүүчү кенемтенин суммасы 18 млн. сомду түзгөн.