Мурдагы «Нарын эт комбинаты» ишканасынын 114 миллион сомдон ашык 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда маалымдады.
Маалыматка караганда, Нарын шаарынын мэриясынын балансына кайтарылган ишкананын болжолдуу баасы 114 млн. 500 миң сомду түзөт. 1999 жана 2000-жылдары «Нарын эт комбинаты» мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объекттери Б.И.Б жараны тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен төмөндөтүлгөн баалар боюнча жеке менчикке чыгарылган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан бул жаранга Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген.
Учурда аталган аймакта эки өнөр жай ишканасын (завод) куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда