Мамлекеттик салык кызматы 9 айда 211 млрд 446,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
Ведомстводон маалымдашкандай, белгиленген план 7,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 млрд сомго көп. Жалпы сумманын 157 млрд 117,8 млн сомун салыктар жана төлөмдөр түзүп, былтыркыга караганда, 25,06 млрд сомго көп жыйналды.
Ал эми 54 млрд 328,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 млрд сомго өстү. Пландык көрсөткүчтөр 6,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.