Жаңылыктар
Нарында 500дөн ашык окуучу алыскы айылдардан ташылып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 500дөн ашык окуучу алыскы айылдардан ташылып келет

Нарын облусу боюнча 143 орто мектепте 61 миң 178 окуучу билим алат. Алардын ичинен 14 мектепке 508 окуучу алыскы аймактардан унаа менен ташылып келет.

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиевдин айтымында, 8 мектепке 479 окуучуну ташыган унаалардын эскилиги жеткендиктен, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 8 автобус бөлүнүп жатат. Автобустар Нарынга алынып келген соң жер-жерине жеткирилип берилет.

Маалыматка караганда, Нарын районундагы Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебин Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы мектепке  жана Кочкор районундагы Ак-Чий айылындагы Ак-Чий мектебин А.Мааткеримов мектебине кошуу мерчемделип жатат.

Анын жыйынтыгы менен бошогон имаратка бала бакча ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.