Жаңылыктар
Баасы 3 млрд. сомдон ашык объект мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баасы 3 млрд. сомдон ашык объект мамлекетке өттү

Мыйзамсыз менчиктештирилген 3 миллиард сомдон ашык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, "Ак-Була Араван пахта заводу" ААКсынын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган объект көп убакыттан  бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылып келген.

Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.

Иликтөөнүн натыйжасында 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.