Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Мамлекеттер аралык “Мир” телерадиокомпаниясы менен кызматташтыгын чыңдайт.
Бүгүн Бишкекте УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев баштаган топ «Мир» МТРКнын (Москва) төрагасынын орун басары Владимир Казарезов, аталган телеканалдын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын директору Нурдин Урмамбетов жана анын орун басары Тимур Муртазин менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери, анын ичинде биргелешкен контент даярдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Тараптар контенттин сапатын жакшыртуу жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да баса белгилешти. УТРК башкы директору Болотбек Тиллебаев биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.
Ошол эле учурда “Мир” МТРКсынын төрагасынын орун басары Владимир Казарезов тараптар 15 жылдан бери активдүү кызматташып келгенин белгилеп, эми бул кызматташтык биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мурдагыдан да жемиштүү уланарына ишеним артарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы биргелешкен долбоорлорго жана демилгелерге негиз боло турган кызматташуу меморандумуна кол коюлду.