3-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болду.
Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурары, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.