УКМК Макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу аракетине бөгөт койду.
Атайын кызматтын бүгүн, 4-октябрда берген маалыматына караганда, чет элдик жана өлкө жарандары 1326,3 кг макротомия өсүмдүгүн мыйзамсыз чогултуп, аны сатууга аракет кылган. Анын жалпы баасы 3 млн сомго жетет.
УКМК белгилегендей, айрым өсүмдүктөрдү сактоо үчүн макротомия, эндик, ясенец, уу коргошун жана афлатун пиязын чогултууга үч жылга тыюу салынган.