Өткөн айдын соңунда Министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Соода компаниясы түзүлүп, ага Экономика жана коммерция министрлиги ээлик кыла турган болгон.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул компания сооданын ачыктыгын камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү максатында түзүлгөнүн, компания өлкөгө санкциялар тизмесиндеги товарлардын киргизилбешин камсыздарын 3-октябрда журналисттерге билдирди.
Министр Кыргызстан эл аралык санкцияга киргизилген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын кошумчалап, эми Соода компаниясы өлкөгө санкциялар тизмесиндеги товарлардын киргизилбешин камсыздарын да билдирди.
Соода компаниясын түзүү менен мамлекет коммерциялык максатты көздөбөйт, бул иш болгону экономикалык коопсуздуктун алдын алып, ачык айкындуулукту камсыз кылуу максатында жасалууда.