Жаңылыктар
Таласта "Эне жана баланы коргоо" перинаталдык корпусунун курулушуна капсула салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта "Эне жана баланы коргоо" перинаталдык корпусунун курулушуна капсула салынды



Бүгүн, 4-октябрда Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Таласта "Эне жана баланы коргоо" перинаталдык борборунун курулушуна капсула салынды. 

Аталган борбор 63 орунга ылайыкталган. Биринчи кабатында кабыл алуу жана төрөт бөлүмдөрү, операциялык блок, ал эми экинчи кабатына кайра жандандыруу бөлүмү жайгашат.

Капсула салуу аземине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Германия тараптын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, медицина кызматкерлери катышты.