Жаңылыктар
Улуттук госпиталдын дарыгерлери кармалды
Туризм
Улуттук госпиталдын дарыгерлери кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун бүгүн, 4-октябрда берген маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы менен дарыгери бейтаптардан  системалуу түрдө акча алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалды.

Учурда алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кармалган бөлүм башчынын жана анын жакын туугандарынын алдын ала суммасы 2 миллион доллардан ашык мүлкү бар. Ооруканадан тапкан жылдык кирешеси 400 миң сомду түзөт. Бул реалдуу кирешесине дал келбейт

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталууда.

Мындан улам, жогоруда кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКга кайрылса болот.